# 1-берене

- Документ: [Эмгек, социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230048140)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 23-июнундагы № 93 "Эмгек, социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048140/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5778/edition/55397/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048140/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгек, социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө, 1-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048140/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

90-беренеде:

а) аталышы «жөлөкпулду» деген сөздөн кийин «, стипендияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү» деген сөздөр менен толукталсын;

б) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Менчигинин түрүнө карабастан ишкананын, мекеменин же уюмдун кызмат адамы тарабынан эмгек акыны, пенсияларды, жөлөкпулдарды, стипендияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөбөө же өз убагында төлөбөө - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.».

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048140/st-2)
