Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын боюнча аймактык бөлүмү Нарын районунунб Жан-Булак айыл өкмөтүндөгү 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы жѳнүндѳ» Токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН X КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 3-ноябры № 12/4
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын боюнча аймактык бөлүмү Нарын районунунб Жан-Булак айыл өкмөтүндөгү 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү Нарын районунун Жан-Булак айыл өкмөтүндөгү 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча берилген сунуштар жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү Жан-Булак айыл өкмөтүнө караштуу “Эделвейс” муниципиалдык ишканасында 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 7-беренесинин негизинде жазма буйрук боюнча айыл ѳкмѳт башчысы К. М. Токторалиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз сессиясы токтом кылат:
1.Жан-Булак айыл аймагынын мекемелеринде жана А. Жутакеев орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы №694 токтому менен бекитилген «Бюджеттик мекемелерди финансылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражатта калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманын» талаптары так сакталсын.
2.Жергиликтүү бюджеттен алынып берилип жаткан товардык-материалдык баалуулуктарды пайдаланууда, сактоодо, ошондой эле күйүүчү заттарды (таш кѳмүр) колдонууда атайын берилген норманын чегинде иш алып барылсын.
3. КР МК 2022-жылдын 10-июнундагы №301 токтому менен бекитилген "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү” тартибинин талаптары так сакталсын.
4. Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндөгү” Мыйзамынын талаптары так сакталсын.
5. Токтомдун ишке ашырылышын камсыз кылуу жагы Жан-Булак айыл өкмөтүнө караштуу “Эделвейс” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К. Токторалиевге милдеттендирилсин.
| Төрага | | А. Өзгөрүшова |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык…Постановление · 10.06.2022 · № 301
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 "Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча…Постановление · 03.11.2011 · № 694