# Ак-Суу айылдык кенешинин 2026-жэылдын 26-январындагы №72 "Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасынын чоңдугун бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Суу айылдык кенешинин 2026-жэылдын 26-январындагы №72 "Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасынын чоңдугун бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048061>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56270/edition/55317/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Суу айылдык кенешинин 2026-жэылдын 26-январындагы №72 "Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасынын чоңдугун бекитүү жөнүндө" токтому (26.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048061

---

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги X-сессиясы

2026-жылдын 26-январы № 72 Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасынын чоңдугун бекитүү жөнүндө

Ак-Суу айыл аймагынын айылдарындагы калктуу конуштарындагы таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасынын чоңдугун бекитип берүү жөнүндөгү маселени талкуулап чыгып Ак-Суу айылдык кеңеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 89 Мыйзамы менен пайдаланууга киргизилген Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү Кодексинин

24- Главасына ылайык “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасынын чоңдугун бекитүү жөнүндө” сунушка айылдык кеңешинин депутаттарынын каршы добуш бергендигин эске алып, макулдук берилбесин.

2. Токтомдун аткарылышын колго алуу жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Р.Худаяровго тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

| Төрага | А. Саматов |
