Ак-суу айылдык кенешинин “Мектепке Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин ысымын ыйгаруу жөнүндө” токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги X-сессиясы
2026-жылдын 26-январы № 65 “Мектепке Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин ысымын ыйгаруу жөнүндө”.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2026-жылдын 14-январындагы № 80921 тапшырмасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында түзүлгөн комиссиясы жөнүндө Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Агартуу Министрлигинин 2026-жылдын 15-январындагы чыгыш № 08-2/105 сандуу катынын негизиндеги Лейлек районундагы “Алга” жалпы билим берүү мектеби мекемесинин жалпы педагогикалык кеңешмесинин 2026-жылдын 19-январындагы №4 протоколун кароо менен Ак-Суу айылдык кеңешинин социалдык,маданий,билим берүү,миграция,туризм жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2026-жылдын
14-январындагы № 80921 тапшырмасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында түзүлгөн комиссиясы жөнүндө Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Агартуу Министрлигинин 2026-жылдын 15-январындагы чыгыш № 08-2/105 сандуу катынын негизинде Лейлек районундагы “Алга” жалпы билим берүү мектеби мекемесинин жалпы педагогикалык кеңешмесинин 2026-жылдын 19-январындагы №4 протоколу көңүлгө алынсын.
2.Лейлек районундагы “Алга” жалпы билим берүү мектеби мекемесинин жалпы
педагогикалык кеңешмесинин 2026-жылдын 19-январындагы №4 протоколу бекитилсин. -“Алга” жалпы билим берүү мектеби мекемесине Кыргыз Элинин Улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүүгө макулдук берилсин. -жалпы билим берүү мектеби мекемесинин атын өзгөртүүдө тиешелүү болгон документтерин даярдоону мектеп директору Б.Сангинов камсыздасын;
3.Бул токтом тиркемеси менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына
жарыялансын.
4.Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун
көчүрмөсүн тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик
реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айылдык кеңешинин социалдык,
маданий,билим берүү,миграция,туризм жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу
| Төрага | А. Саматов |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.