Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Суу менен жабдуу жана суу чыгаруу (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө бирдиктүү тарифтерди, аларга жогорулатылган коэффициенттерди жана үйдүн ички тармактарын техникалык тейлөөгө тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 101
Суу менен жабдуу жана суу чыгаруу (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө бирдиктүү тарифтерди, аларга жогорулатылган коэффициенттерди жана үйдүн ички тармактарын техникалык тейлөөгө тарифтерди бекитүү жөнүндө
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын (мындан ары - Ишкана) иш жүзүндөгү чыгымдарын жабууну камсыз кылган суу менен жабдуу жана суу чыгаруу (канализация) кызмат көрсөтүүлөрүнө экономикалык негиздеги тарифтерди белгилөө, ошондой эле инженердик инфратүзүмдөрдүн ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо, аны модернизациялоо жана өнүктүрүү үчүн каржылык шарттарды түзүүнү камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 320 токтому менен бекитилген борборлоштурулган ичүүчү суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кызмат көрсөтүүгө 1 м3 үчүн бирдиктүү тариф белгиленсин:
суу менен жабдуу - 15,73 сом; суу чыгаруу (канализация) - 6,80 сом.
2. Керектөөчүүлөрдүн төмөнкү категориялары аныкталсын:
1-категория - жеке ишкерлерден башка физикалык жактар (калк); 2-категория - төмөнкү категорияларды бөлүү менен менчик формасына, баланстык тиешелүүлүгүнө карабастан башка керектөөчүлөр:
1) баланстык таандыктыгына карабастан юридикалык жакты түзбөстөн ишкерлик иш-аракетти жүргүзгөн жактар (мындан ары - жеке ишкерлер) жана юридикалык жактар;
2) тарифке карата жогорулатылган коэффициент колдонулуучу мындай керектөөчүлөр (мындан ары – сууну көп пайдалануучу абоненттер).
3. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн категориялар үчүн бирдиктүү тарифке жогорулатылган коэффициент белгиленсин:
баланстык таандыктыгына карабастан юридикалык жакты түзбөстөн ишкерлик иш-аракетти жүргүзгөн жактар (мындан ары - жеке ишкерлер) жана юридикалык жактар - 2,1; сууну көп пайдалануучу абоненттер - 3.
4. Бекитилсин:
1-тиркемеге ылайык, сууну көп пайдалануучу абоненттердин тизмеси; 2-тиркемеге ылайык, көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөө тарифтери.
5. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте 2027-2032-жылдарга карата суу менен жабдуу жана суу чыгаруу (канализация) боюнча орто мөөнөттүү тарифтик саясатты 2026-жылдын 31-декабрына чейин иштеп чыксын жана киргизсин.
6. Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы № 86 «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы тарабынан көрсөтүлүүчү суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү боюнча (канализация) кызмат көрсөтүүлөрүнө жана көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөөгө тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин отун-энергетикалык комплекс маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
2026-жылдын 1-июлунда https://www.gorkenesh.kg/bshknyn-toktomdoru/29-sozyv/6537-101-suu-menen-zhabduu-zhana-suu-chygaruu-kanalizatsiya-boyuncha-kyzmat-k-rs-t-l-r-n-birdikt-tarifterdi-alarga-zhogorulatylgan-koeffitsientterdi-zhana-jd-n-ichki-tarmaktaryn-tekhnikalyk-tejl-g-tarifterdi-bekit-zh-n-nd.htmlрасмий сайтында жарыяланды
| Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы | Б. Усеналиев |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июну № 101 токтомуна 1-тиркеме |
Сууну көп пайдалануучу абоненттердин тизмеси
| № | Керектөөчүлөр |
| 1 | Жуучу посттору бар объекттер (авто жуучу жайлар, тюнинг борборлору, детейленгдер, автомобилдерди алдын ала сатууга даярдоо пункттары, автоклинингдер, автомончолор, техникалык тейлөө станциялары, авто май куюучу станциялар) |
| 2 | Тери заводдору (терилерди жана жүндөрдү кайра иштетүү боюнча объекттер) |
| 3 | Мал союлуучу жайлар |
| 4 | Ичүүчү сууну сатуу боюнча аппараттар (автоматтар) |
| 5 | Кир жуу кызматтарын көрсөткөн кир жуучу жайлар (өзүнчө турган объекттер же жайлар) |
| 6 | Бассейндер (сууда сүзүүчү, спорттук, көңүл ачуучу, коммерциялык пайдалануу үчүн арналган) |
| 7 | Өз алдынча объект катары иштеген мончолор, сауналар |
| Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси | И. Аденов |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июну № 101 токтомуна 2-тиркеме |
Көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөө тарифтери
| Керектөөчүлөр | Салыксыз тариф (1 м2 жалпы аянты үчүн бир айда сом менен) |
| 1-категория - калк | 2,2 сом |
| 2-категория - Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүндө жайгашкан менчик формасына жана баланстык тиешелүүлүгүнө карабастан башка керектөөчүлөр | 2,2 сом |
| Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси | И. Аденов |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 104 "Бишкек шаарында Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн өткөрүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.06.2026 · № 104
- Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы № 86 ""Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы тарабынан көрсөтүлүүчү суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү…Постановление · 30.05.2023 · № 86 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-июнундагы № 320 "Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо…Постановление · 19.06.2024 · № 320
- Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы № 86 ""Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы тарабынан көрсөтүлүүчү суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү…Постановление · 30.05.2023 · № 86 · Күчүн жоготкон