# Жаны-Жер айылдык кенешинин 2026-жылдын 17-мартындагы №24 "Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасынын чоңдугун бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жаны-Жер айылдык кенешинин 2026-жылдын 17-мартындагы №24 "Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасынын чоңдугун бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047975>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56199/edition/55223/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаны-Жер айылдык кенешинин 2026-жылдын 17-мартындагы №24 "Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасынын чоңдугун бекитүү жөнүндө" токтому (17.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047975

---

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II сессиясы

2026-жылдын 17-марты № 24

Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасынын чоңдугун бекитүү жөнүндө

Жаңы-Жер айыл аймагындагы калктуу конуштардагы таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйындын ставкасынын чоңдугун бекитип берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы №89 Мыйзамы менен пайдаланууга киргизилген Салык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 24-главасына ылайык “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйындын ставкасынын чоңдугун бекитүү жөнүндө” сунушка айылдык кеңешинин депутаттарынын каршы добуш бергенин эске алып, макулдук берилбесин.

Токтомдун аткарылышы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы М.Абдухамитовго тапшырылсын.

| Тѳрага | Ж. Мурадилов |
| --- | --- |
|  |  |
