# Жаны-Жер айылдык кенешинин 2026-жылдын 17-мартындагы №21 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жаны-Жер айылдык кенешинин 2026-жылдын 17-мартындагы №21 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047972>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56196/edition/55220/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаны-Жер айылдык кенешинин 2026-жылдын 17-мартындагы №21 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" токтому (17.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047972

---

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II сессиясы

2026-жылдын 17-марты № 21

Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №795 сандуу токтомун аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 24-декабрындагы №01-123/332 сандуу буйругунун жана Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 12-январындагы №2/1 сандуу буйругун аткарууга алып, Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №795 сандуу токтому жана 2025-жылдын 19-августундагы №502 сандуу токтому жетекчиликке алынып, жергиликтүү жарандарга тааныштырылгандыгы эске алынсын.

2. Жаңы-Жер айыл аймагында көрүстөндөрдү брондоо жана ага тариф бекитүү жергиликтүү жарандар тарабынан жактырылбагандыгы эске алынсын.

3. Сөөктү жерге көмүү тартиби ата-бабалардын, элдин каада салтында көрсөтүлгөн таризде ишке ашырылып жаткандыгы жергиликтүү жарандар тарабынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.

4. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жетекчилиги жана айыл аймакка караштуу айылдардагы мечиттердин имамдары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-февралындагы №54 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Жарлыгына ылайык, санитардык эрежелерин сактоо жана эл ичиндеги салт менен көмүү иштерин жүргүзсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

| Тѳрага | Ж. Мурадилов |
| --- | --- |
|  |  |
