# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 30-июнундагы № 491 (Аскер кызматчыларына талаа акчаларын төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманын 8-пунктунун он биринчи абзацын чечмелөөнү (түшүндүрмөнү) жактыруу жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 30-июнундагы № 491 (Аскер кызматчыларына талаа акчаларын төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманын 8-пунктунун он биринчи абзацын чечмелөөнү (түшүндүрмөнү) жактыруу жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 491
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047919>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19918/edition/55163/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047919.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 30-июнундагы № 491 (Аскер кызматчыларына талаа акчаларын төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманын 8-пунктунун он биринчи абзацын чечмелөөнү (түшүндүрмөнү) жактыруу жөнүндө) тескемеси (30.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047919

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 30-июну № 491

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун ченемдерин колдонуудагы так эместиктерди, туура эмес же карама-каршы практикаларды жоюу максатында, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 601 «Аскер кызматчыларына талаа акчаларынын ченемдерин белгилөө жөнүндө» токтому менен бекитилген Аскер кызматчыларына талаа акчаларын төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманын 8-пунктунун он биринчи абзацын расмий чечмелөө (түшүндүрмө) тиркемеге ылайык жактырылсын.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.А. Касымалиев |
