Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 22-январы № 82-VIII
"Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттары К.А.Талиева, Н.А.Азыгалиев, Ч.А.Айдарбеков, Ж.К.Акаев, М.К.Алиев, С.А.Атамбаев, Д.А.Ашимова, Д.Д.Бекешев, Д.А.Джумабеков, С.М.Зулпуев, Дж.К.Исаева, А.Исатбек кызы, Г.А.Кожокулова, А.А.Козуев, И.К.Кубанычбеков, Л.Х.Лурова, Ш.Мажитова, М.А.Маматалиев, А.Т.Мамашова, А.Т.Маткеримов, Г.С.Молдобекова, М.М.Мураталиев, С.А.Омурзаков, В.К.Раимбачаева, С.Рустамбек уулу, Ж.Э.Садырбаева, Ч.А.Султанбекова, Э.Ж.Сурабалдиева, Н.О.Сыдыгалиев, Ж.Таалайбек кызы, К.Л.Ханджеза, А.А.Эгембердиев, А.Т.Эрбаев, Э.К.Абакиров, Г.И.Жунушалиева, Б.А.Марипов, Дж.Д.Нышанов тарабынан демилгеленген "Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары | | Ч.Ажибаев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.