# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 1119-т (Насоновское алтын кенин өздөштүрүү жана жер казынасын пайдалануу укуктарын ишке ашыруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 1119-т (Насоновское алтын кенин өздөштүрүү жана жер казынасын пайдалануу укуктарын ишке ашыруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 1119-т
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047898>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19916/edition/55144/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047898.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 1119-т (Насоновское алтын кенин өздөштүрүү жана жер казынасын пайдалануу укуктарын ишке ашыруу тууралуу) тескемеси (18.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047898

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 18-декабры № 1119-т Мамлекеттик катышуу үлүшү 100 пайыз Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 472 “Мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө жобонун 12-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына төмөнкүлөр сунушталсын:

- “Кемин Коппер Голд” жоопкерчилиги чектелген коому менен биргеликте конкурс өткөрбөстөн Насоновское алтын кенин өздөштүрүү жана жер казынасын пайдалануу укуктарын ишке ашыруу боюнча кызматташуу жөнүндө маселени кароо;

- бул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүү.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
