# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 458 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 458 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 458-VIII
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047863>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-17045/edition/55111/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047863.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 458 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (30.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047863

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 30-апрели № 458-VIII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Жалал-Абад эл аралык финансы борбору" эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө", "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)" өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 1702-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы | | М.Маматалиев |
