Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Нарзан айылдык кеңешинин 2026-жылдын 18-майындагы №21 Кош-Дөбө айылындагы “Школьная” көчөсүн “Шаршенов Камчыбек” деп өзгөртүү жөнүндө токтомун күчүн жоготтуу деп таануу жана көчөнүн мурдагы аталышын калыбына келтирүү жөнүндө» токтому
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 22-июну № 22
Нарзан айылдык кеңешинин 2026-жылдын 18-майындагы №21 «Кош-Дөбө айылындагы “Школьная” көчөсүн “Шаршенов Камчыбек” деп өзгөртүү жөнүндө токтомун күчүн жоготтуу деп таануу жана көчөнүн мурдагы аталышын калыбына келтирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктун жана жаштар иштери, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча Нарзан айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын корутундусун, ошондой эле К.Шаршеновдун өздүк арызын, угуп жана талкуулап, ошондой эле Кош-Добо айыл тургундарынын пикирин эске алуу менен Нарзан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Нарзан айылдык кеңешинин 2026-жылдын 18-майындагы №21 «Кош-Дөбө айылындагы “Школьная” көчөсүн “Шаршенов Камчыбек” деп өзгөртүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кош-Дөбө айылындагы аталган көчөнүн мурдагы «Школьная» аталышы калыбына келтирилсин.
3. Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомдон келип чыгуучу иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылсын.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлүп, Нарзан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Жооптуу катчы бул токтомду белгиленген тартипте каттасын жана анын көчүрмөсүн тиркемеси менен бирге Кыргыз Республикасынын Юстиция
министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жаштар иштери, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча Нарзан айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
| Төраганын у.м.а. | Э.У.Умутбеков |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 18-майындагы № 21 "Кош-Дөбө айылындагы "Школьная" көчөсүн "Шаршенов Камчыбек" деп өзгөртүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.05.2026 · № 21 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 18-майындагы № 21 "Кош-Дөбө айылындагы "Школьная" көчөсүн "Шаршенов Камчыбек" деп өзгөртүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.05.2026 · № 21 · Күчүн жоготкон