# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июну № 450 “Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июну № 450 “Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 450
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047840>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56335/edition/55079/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047840.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июну № 450 “Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому (29.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047840

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 29-июну № 450

Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун тартибин бекитүү жөнүндө

Медициналык буюмдарды өндүрүүнү инспекциялоо жол-жоболорун натыйжалуу жөнгө салуу максатында, «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги эки айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 120 «Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун тартибин бекитүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинтинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
