# Жибек-Жолу айылдык кеңешинин 2026-жылдын 15-апрелиндеги №3/5 Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагында турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянтын бекитип берүү жөнүндө токтом

- Толук аталышы: Жибек-Жолу айылдык кеңешинин 2026-жылдын 15-апрелиндеги №3/5 Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагында турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянтын бекитип берүү жөнүндө токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3/5
- Кабыл алынган күнү: 15.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047839>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56113/edition/55078/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жибек-Жолу айылдык кеңешинин 2026-жылдын 15-апрелиндеги №3/5 Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагында турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянтын бекитип берүү жөнүндө токтом (15.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047839

---

ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2026-жылдагы кезектеги III отуруму

ТОКТОМ №3/5

| 2026-жылдын 15-апрели | Согонду айылы |

Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагында турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянтын бекитип берүү жөнүндө

Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагынан трансформация болгон жана калктуу конуштун чегинде жайгашкан турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянтын Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлу № 149 Жер Кодексинин 21-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде чектеп бекитип берүү максатында Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагынан трансформация болгон жана калктуу конуштун чегинде жайгашкан турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянты “Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлу № 149 Жер Кодексинин 21-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагында 3(үч) жылдан кем эмес туруктуу жашаган жергиликтүү тургундарга” 8(сегиз) сотыхтан чектелип берилсин.

2. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянтын 8(сегиз) сотыхтан чектеп берүү жагы Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн жер комиссиясына жана Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарлышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчик, айыл чарбасы, боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

| Төрага: | Б.Ж.Артыков |
