# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-июнундагы № 614-VIII "У.Т. Маматкеримовду Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-июнундагы № 614-VIII "У.Т. Маматкеримовду Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 614-VIII
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047775>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-17024/edition/55005/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047775.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-июнундагы № 614-VIII "У.Т. Маматкеримовду Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына бекитүү жөнүндө" токтому (24.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047775

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кабыл алынган датасы 2026-жылдын 24-июну № 614-VIII

У.Т. Маматкеримовду Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6 жана 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

1. Маматкеримов Урмат Таалайбекович Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына бекитилсин.

2. «Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 3187-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктта «Чотонов Санжар Бейшенкулович» деген сөздөр «Маматкеримов Урмат Таалайбекович» деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

| Төрага | | М.А. Маматалиев |
