Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Страховая компания «Golden роliсy» («Золотой полис»)» жоопкерчилиги чектелген коомуна эс алуу зонасын куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2005-жылдын 2-августу N 343
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Страховая компания "Golden роliсy" ("Золотой полис")" жоопкерчилиги чектелген коомуна эс алуу зонасын куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында туристтик тармакты өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 92-статьясына ылайык Кыргыз Рес- публикасынын Өкмөтү токтом кылат.
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облустук мамлекеттик администрация-
сынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык ко- миссия менен макулдашылган, "Страховая компания "Golden роliсy" ("Золо- той полис")" жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун суу фондунун жерлерине кирген жайыттарынан 1,84 га аянт жер участогун, анын ичинен Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жер- леринен - 0,57 га жайытты, Октябрь айыл өкмөтүнүн жерлеринен - 0,20 га жайытты, мал айдап өтүүчү трассадагы 1,06 га жайытты эс алуу зонасын куруу үчүн 49 жыл мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргиз-
син;
- "Страховая компания "Соlden роliсy" ("Золотой полис")" жоопкер-
чилиги чектелген коому 1,84 га жайыт үчүн айыл чарба өндүрүшүнүн жого- тууларынын жана алынбай калган пайданын ордун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы N 66 "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес керектөөлөр үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу норма- тивдерин бекитүү жөнүндө" токтому менен белгиленген нормативдерге ыла- йык төлөшүн камсыздасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 14 февраля 1998 года №66 "Об утверждении Временных нормативов стоимости возмещения потерь сельскохозяйственного производства, связанных с…Постановление · 14.02.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон