# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 24-июнундагы № 233 "Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 24-июнундагы № 233 "Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 233
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047756>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-11157/edition/54981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047756.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 24-июнундагы № 233 "Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы (24.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047756

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын 24-июну № 233

Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын (статусун) жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагынан 2026-жылдын 1-июлунан тартып 31-июлуна чейин чыгып кетүү мүмкүндүгү берилсин.

2. Визасынын, жашап турууга уруксатынын колдонуу мөөнөтү өткөн же болбосо жашап турууга уруксаты жокко чыгарылган, жүрүүгө укугун ырастоочу документтери (каттоосу, эмгек ишин жүзөгө ашырууга уруксаты) жок же болбосо мөөнөтү өтүп кеткен мындай документтерди колдонгон, же болбосо мыйзамдуу жүрүү мөөнөтү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынан чыгуудан баш тарткан, ошондой эле кирүүдө билдирилгенге шайкеш келбеген максатта Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам ушул Жарлыкта белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагынан өз ыктыяры менен чыгып кеткен учурда, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтен, ошондой эле чыгуу визасын тариздөө үчүн төлөмдөн бошотулат деп аныкталсын.

3. Тышкы миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча, анын ичинде маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү боюнча толук чараларды көрсүн.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 47 (3807) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Президенти | | С.Н. Жапаров |
