# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-июнундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматтык автотранспорту жана штаттык санынын чеги маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-июнундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматтык автотранспорту жана штаттык санынын чеги маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 436
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047743>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56079/edition/54954/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047743.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-июнундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматтык автотранспорту жана штаттык санынын чеги маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (25.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047743

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 25-июну № 436 Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматтык автотранспорту жана штаттык санынын чеги маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын штаттык санынын чегин оптималдаштыруу, кызматтык автотранспортун натыйжалуу пайдалануу максатында, «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинде:

5-пунктта «88» деген цифралар «82» деген цифраларга алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинде:

эскертүүнүн он алтынчы абзацында «12» деген цифралар «6» деген цифрага алмаштырылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 47 (3807) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.А. Касымалиев |
