# Орловка шаардык кеңешинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 93/14-29 " Жер тилкени баланска кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Орловка шаардык кеңешинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 93/14-29 " Жер тилкени баланска кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 93/14-29
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047727>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56072/edition/54939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047727.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Орловка шаардык кеңешинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 93/14-29 " Жер тилкени баланска кабыл алуу жөнүндө" токтому (08.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047727

---

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын ХIV кезексиз сессиясы

2026-жылдын 8-апрели № 93/14-29 Жер тилкени баланска кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесинин 2-пункту, 3-беренесинин 2-пунктунун негизинде, Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:

1. Орловка шаарынын Кудряшова-Октябрьская көчөлөрүнүн аймагындагы айланма жол тарапта жайгашкан жалпы аянты 1 (бир) гектар жер тилкени парк зонасы жана башка максаттар үчүн Орловка шаарынын мэриясынын балансына кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.

3. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер, курулуш, архитектура жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

| Төраганы орун басары | | Х.С.Мамедов |
