# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-июну № 218 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-июну № 218 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047713>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-11150/edition/54911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047713.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-июну № 218 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (17.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047713

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын 17-июну № 218 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Калктын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын

14-мартындагы № 113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын:

«10) калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышы маселелери боюнча.».

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Президенти | | С.Н. Жапаров |
