Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлерин формалык кийим менен камсыздоо тартибин жана Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлерин формалык кийим менен камсыздоо ченемдерин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 1-июну № 380
Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлерин формалык кийим менен камсыздоо тартибин жана Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлерин формалык кийим менен камсыздоо ченемдерин бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 1-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлерин формалык кийим менен камсыздоо тартиби
1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлерин формалык кийим менен камсыздоо ченемдери
2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына республикалык бюджетте тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
1) жогоруда аталган Камсыздоо тартибине жана ченемдерине ылайык прокуратура органдарынын кызматкерлерин формалык кийим менен камсыз кылсын;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын
4-майындагы № 279 «Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын
16-апрелиндеги № 173 «Прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн форма кийимдери жана айырмалоо белгилери жөнүндө» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын
19-октябрындагы № 662 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 4-майындагы № 279 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын
2-февралындагы № 52 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлерин формалык кийим менен камсыздоо ченемдериПриложение · 01.06.2026 · № 380
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы №52 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.02.2010 · № 52
- ПОЛОЖЕНИЕ о Военной прокуратуре Кыргызской Республики (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 4 мая 1994 года №279)Положение · 04.05.1994 · № 279 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 4 мая 1994 года №279 "Об утверждении Положения о Военной прокуратуре Кыргызской Республики"Постановление · 04.05.1994 · № 279 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 16 апреля 2001 года №173 "О форменной одежде и знаках различия для работников органов прокуратуры"Постановление · 16.04.2001 · № 173 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 19 октября 2001 года N 662 "О внесении изменения в Положение о Военной прокуратуре Кыргызской Республики, утвержденное постановлением…Постановление · 19.10.2001 · № 662 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" контитуциялык МыйзамыКонституционный Закон · 10.09.2021 · № 114
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы №52 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.02.2010 · № 52
- Постановление Правительства КР от 4 мая 1994 года №279 "Об утверждении Положения о Военной прокуратуре Кыргызской Республики"Постановление · 04.05.1994 · № 279 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 16 апреля 2001 года №173 "О форменной одежде и знаках различия для работников органов прокуратуры"Постановление · 16.04.2001 · № 173 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 19 октября 2001 года N 662 "О внесении изменения в Положение о Военной прокуратуре Кыргызской Республики, утвержденное постановлением…Постановление · 19.10.2001 · № 662 · Күчүн жоготкон