# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-июнундагы № 217 "Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысын ыйгаруу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-июнундагы № 217 "Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысын ыйгаруу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047684>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-11149/edition/54870/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047684.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-июнундагы № 217 "Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысын ыйгаруу жөнүндө" Жарлыгы (17.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047684

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын 17-июну № 217

Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысын ыйгаруу жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. 2025-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы төмөнкү номинацияларда ыйгарылсын:

1) Адабият жаатындагы мамлекеттик сый акы Айтмамбетов Ишен Джакшылыковичке, жазуучу – «Бет-Алман» тарыхый романы үчүн;

2) Музыкалык искусство жаатындагы мамлекеттик сый акы Казаков Тугелбай Токтогуловичке, композитор-обончу, Кыргыз Республикасынын эл артисти – «Боз жорго» музыкалык чыгармасы үчүн;

3) Кино искусство, радио жана телекөрсөтүү жаатындагы мамлекеттик сый акы Абдыкадыр Тилекке, Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын документалдык жана илимий-популярдуу фильмдердин сценаристи жана кинорежиссеру – Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган 4 сериялуу тарыхый-документалдуу киноэпопеясы үчүн.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-июнундагы № 45 (3805) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Президенти | | С.Н. Жапаров |
