# Ак-Башат айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 2 "2026-жылдын бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана 2026-жылдын 1-январына карата акча каражаттарынын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Башат айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 2 "2026-жылдын бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана 2026-жылдын 1-январына карата акча каражаттарынын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047677>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56044/edition/54862/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047677.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Башат айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 2 "2026-жылдын бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана 2026-жылдын 1-январына карата акча каражаттарынын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө" токтому (09.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047677

---

АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 9-февралы № 2 2026-жылдын бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана 2026-жылдын 1-январына карата акча каражаттарынын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102- беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №- 123-мыйзамынын 34-беренесинин , Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгынын 4-пунктунун, ошондой эле бюджет боюнча туруктуу комиссиянын “2026-жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү жана 2026-дын 1 –январына карата акча каражаттарынын калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө” корутундусун угуп , талкуулап, Ак-Башат айылдык кеңеш токтом кылат:

1. 2026-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү Ак-Башат айыл өкмөтү тарабынан берилген 2800,0 миң сом атайын каражаттарды эсепке алуу менен 55495,7 миң сом болуп бекитилсин.

2. 2026-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү төмөнкү булактардан түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы белгиленсин .

| Элемент | Кирешенин аталышы | план |
| --- | --- | --- |
| 11111100 | Киреше салыгы | 36843,3 |
| 11122200 | Патентин негизинде салык | 850,0 |
| 11311200 | Кыймылсыз мүлк салыгы | 1197,2 |
| 11312200 | Транспорт салыгы | 0 |
| 11321100 | Үй жанындагы,короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы | 540,0 |
| 11321200 | Айыл чарба багытындагы жерлерден алынычуу салык | 0 |
| 11321300 | Айыл чарба багытындагы болбогон жерлерден алынычуу салык | 4681,2 |
| 11462440 | Роялти | 8,0 |
| 14152100 | Калктуу конуштарды жерди ижарага алуу акысы | 5550,0 |
| 14152600 | МФАЧ жерлерин ижарага берүү | 3000,0 |
| 14211200 | Муниципалдык мулктүү ижарага берүү | 26,0 |
|  | Жалпы киреше | 52695,7 |
|  | Атайын счет | 2800 |
|  | Атайын счет менен бардыгы | 55495,7 |
|  | Теңдештирүүчү грант | 0 |
|  | Бардыгы | 55495,7 |

3. 2026-жыл ичиндеги чыгашаларды каржылоо бөлүмдөр бекитилсин.

| Раздел | Чыгымдардын аталышы | Бардыгы ( миң.сом) |
| --- | --- | --- |
|  | Мамлекеттик кызматтар | 15540,8 |
|  | Турак жай-коммуналдык чарба | 25644,5 |
|  | Өзгөчө кырдаал | 300,0 |
|  | Маданият | 4476,4 |
|  | Мектепке чейинки мекеме | 1984,0 |
|  | Билим берүү | 2050,0 |
|  | Социалдык коргоо | 2700,0 |
|  | Жалпы чыгым | 52695,7 |
|  | Атыайын счет | 2800,0 |
|  | Бардыгы | 55495,7 |

4. 2026-жылга жергиликтүү бюджеттен чыгашаларды каржылоо корголгон беренелер боюнча артыкчылык менен ( эмгек акы, тамак-аш, коммуналдык төлөмдөр, социалдык кызмат көрсөтүүлөр) иш жүзүндө алынган кирешелердин эсебинен жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

5. 01.01.2026-жылга карата бюджет боюнча 15248,3 миң сом суммасындагы акча каражаттарынын калдыгы төмөнкү бөлүмдөр боюнча бөлүштүрүлсүн :

| Раздел | Аталышы | Суммасы ( миң сом) |
| --- | --- | --- |
| Турак жай-коммуналдык чарба | Самосвал-автоунаа сатып алуу | 4075,0 |
| Турак жай-коммуналдык чарба | Манипулятор-автоунаа сатып алуу | 3850,0 |
| Турак жай-коммуналдык чарба | Техникалык көзөмөл кызматтары үчүн кредиттик карыз | 259,0 |
| Аппарат | Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын эмгек акысы | 350,0 |
| Аппарат | Социалдык фондко чегерүүлөр | 60,4 |
| Турак жай-коммуналдык чарба | Суу жана таштанды үчүн төлөм | 500,0 |
| Турак жай-коммуналдык чарба | Жолдорду оңдоо | 6153,9 |

6. Муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын 40 пайызга үстөктөр жогорулатуу белгиленсин.

7. 2026-жылдын 1-январына карата атайын эсепке – 1633,6 миң сом акча каражаттарынын калдыгы бала бакчалардын тамак –ашына бөлүштүрүлсүн

8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

| Төрага | | И.С. Рыскулов |
