# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 15-июну № 210 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 15-июну № 210 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 15.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047661>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-11147/edition/54831/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047661.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 15-июну № 210 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (15.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047661

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын 15-июну № 210

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде: –.I бөлүмдүн 1-главасынын он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы (башкармалыктын курамында), Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы – сектордун башчысы, Президенттин Администрациясынын секторунун башчысы (башкармалыктын, бөлүмдүн курамында), Президенттин Администрациясынын башкы эксперти, Президенттин Администрациясынын мамлекеттик инспектору, Жогорку Кеңештин Аппаратынын секторунун башчысы».

2..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жободо:

– 28-пункттун төртүнчү абзацы «бөлүм, борбор, сектор» деген сөздөрдөн кийин «, катчылык» деген сөздөр менен толукталсын.

3..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1).жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү ушул Жарлыктын 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

2).жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык санына ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

4..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 4-мартындагы № 103 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын 3-пунктунун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

5..Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Президенти | | С.Н. Жапаров |

1-тиркеме

«Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү

|  |  |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
