# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-июну № 208 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-июну № 208 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 208
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047658>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-11146/edition/54825/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047658.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-июну № 208 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047658

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын 11-июну № 208

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жободо:

- 4-пунктта "Башкы эсептөө борбору" деген сөздөр "Интеллектуалдык маалыматтар борбору" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 13-пунктта "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 19-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:

"коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылуу, ошондой эле кызматтык тартиптин абалы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Президенти | | С.Н. Жапаров |
