# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 19-июнундагы № 221 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 19-июнундагы № 221 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 221
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047619>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230047619/edition/54774/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047619.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 19-июнундагы № 221 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы (19.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047619

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын 19-июну № 221 Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

«Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өзгөчө ардак белгиси катары Күжүрмөн туу жана Күжүрмөн тууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Грамотасы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине тапшырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.

4. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 23-июнундагы № 46 (3806) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
