Кыргыз Республикасында органикалык калдыктар менен иштөө тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна тиркеме)
Күчүнө кире элек
Документ реестрде «Не вступил в силу» деп белгиленген: ал али күчүнө кире элек. Колдонуудан мурун күчүнө кирген күнүн текшериңиз. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-06-18.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 428 токтомуна)
Кыргыз Республикасында органикалык калдыктар менен иштөө тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасында органикалык калдыктар менен иштөө тартиби (мындан ары – Тартип) менчигинин уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактардын органикалык калдыктарды чогултуу, сактоо, кайра иштетүү тартибин белгилейт.
2. Мамлекеттик органдар, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар органикалык калдыктар менен иштөөгө байланышкан ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын калдыктар менен иштөө, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын жана ушул Тартипти жетекчиликке алат.
3. Ушул Тартиптин колдонулушу биологиялык калдыктарга, жаныбарлардан алынган кошумча азыктарга, союлган жаныбарлардын калдыктарына жана Кыргыз Республикасынын өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынуучу башка калдыктарга жайылтылбайт.
2-глава. Ушул Тартипте колдонулуучу түшүнүктөр
4. Ушул Тартипте төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) органикалык калдыктар – биологиялык ажыроо (чирүү) аркылуу кайра иштетүү үчүн жарактуу өсүмдүк, жаныбар жана тамак-аш калдыктары;
2) тамак-аш калдыктары – тамак-аш продукциясынын жана тамак-аштын калдыктары, анын ичинде тазалоочулар, кесимдер, чийки заттардын жана даяр тамактардын калдыктары, мөөнөтү өтүп кеткен, бузулган же керектөөчү касиеттерин жоготкон тамак-аш азыктары, алар тамак-аш продукциясын өндүрүүдө, кайра иштетүүдө, сактоодо, ташууда, сатууда, даярдоодо жана керектөөдө пайда болот;
3) өсүмдүк калдыктары – жашыл өсүмдүктөргө кам көрүү, аймактарды жашылдандыруу, айыл чарба ишинин натыйжасында пайда болгон өсүмдүк калдыктары, ошондой эле керектөөчүлүк касиеттерин жоготкон өсүмдүк азыктары;
4) жаныбарлардын калдыктары – жаныбарларды багуу жана өстүрүү учурунда пайда болгон биоажыроочу калдыктар, анын ичинде кык, тезек, тоюттун калдыктары, төшөөчү материал жана үй жаныбарларынын заңдары;
5) органикалык калдыктарды чогултуу – органикалык калдыктарды андан ары иштетүү жана кайра иштетүү максатында кабыл алуу жана топтоо;
6) бөлүп чогултуу – органикалык калдыктарды андан ары кайра иштетүү үчүн калдыктардын башка түрлөрүнөн өзүнчө, атайын ушул максатка ылайыкталган контейнерлерге чогултуу;
7) компосттоо –контролдонгон шарттарда микроорганизмдер тарабынан органикалык калдыктардын биологиялык жактан компост алуу менен ажыроосунун технологиялык процесси;
8) компост – органикалык калдыктарды компосттоонун натыйжасында алынган органикалык жер семирткич;
9) органикалык калдыктар менен иштөө боюнча оператор – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан дайындалуучу, органикалык калдыктарды чогултуу, ташуу жана (же) кайра иштетүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак же жеке ишкер;
10) айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – калдыктар менен иштөө тармагында ишти координациялоону жана жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу жана мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик бийликтин аткаруу органы;
11) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы – тиешелүү административдик-аймактык бирдиктерде калдыктар менен иштөө (чогултуу, сорттоо, иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, көмүү) боюнча ишти уюштуруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы;
12) тамак-аш калдыктары үчүн контейнер – органикалык калдыктарды өзүнчө чогултуу үчүн арналган түстүү индикацияга жана тиешелүү маркалоого ээ атайын контейнер;
13) органикалык калдыктардын ири түзүүчүсү – ишинин натыйжасында суткасына 50 килограммдан ашык органикалык калдыктарды пайда кылган юридикалык жак же жеке ишкер, анын ичинде коомдук тамактануу жайлары, тамак-аш продукциясын сатуучу соода объекттери, мейманканалар жана башка объекттер.
3-глава. Органикалык калдыктарды чогултууга, ташууга жана сактоого жалпы талаптар
5. Органикалык калдыктар калдыктардын башка түрлөрүнөн милдеттүү түрдө өзүнчө чогултулууга тийиш.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары органикалык калдыктар менен иштөө боюнча оператор (мындан ары – Оператор) менен биргеликте калкка органикалык калдыктарды тапшыруу, кабыл алуу, бөлүп чогултуу жана сорттоо үчүн шарттарды түзөт жана төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) контейнер аянтчаларын, ошондой эле жеке турак үйлөрдө жашаган калкты контейнерлер менен камсыз кылуу менен, өз аймагында органикалык калдыктарды өзүнчө чогултуу системасын уюштурууга;
2) контейнер аянтчаларын жана калкты «Тамак-аш калдыктары үчүн» маркалоосу бар контейнерлер менен камсыз кылууга;
3) органикалык калдыктарды кабыл алуу үчүн контейнер аянтчаларын жайгаштыруу схемасын аныктоого;
4) органикалык калдыктарды өзүнчө чогултуу маселелери боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргүзүүгө.
6. Жеке адамдар (үй чарбалары) органикалык калдыктарды бул үчүн атайын арналган жерлерде жана тамак-аш калдыктары үчүн контейнерлерде сактоого милдеттүү. Ушул тартиптин талаптарын сактоо менен жеке участоктордо органикалык калдыктарды өз алдынча компосттоону жүзөгө ашырууга жол берилет.
7. Органикалык калдыктарды контейнерлерде же катуу тиричилик калдыктарынын полигондорундо башка коммуналдык калдыктар менен аралаштырууга тыюу салынат.
8. Өсүмдүк калдыктарын өрттөөгө тыюу салынат.
9. Органикалык калдыктардын ири түзүүчүлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) калдыктарды өздөрүнүн атайын контейнерлеринде өзүнчө чогултууну камсыз кылууга;
2) Оператор менен органикалык калдыктарды чыгаруу келишимин түзүүгө;
3) калдыктар менен иштөө үчүн жооптуу адамдарды дайындоого.
10. Органикалык калдыктарды ташуу кузовдун герметикалуулугу камсыз кылынган адистештирилген транспорт менен жүзөгө ашырылат, бул калдыктардын (инфильтраттын) төгүлүп кетүүсүн жана агып чыгуусун, ошондой эле жыттардын жайылуусун жокко чыгарат. Адистештирилген транспорт үзгүлтүксүз санитардык тазалоодон өтүүгө тийиш.
11. Юридикалык жана жеке жактар ушул Тартиптин талаптарын сактоо шартында органикалык калдыктарды өз алдынча чыгарууга укуктуу.
12. Органикалык калдыктарды чыгаруунун мезгилдүүлүгү төмөнкүдөй аныкталат:
1) жылдын жылуу мезгили үчүн (майдан сентябрга чейин) – жумасына 2 жолудан кем эмес;
2) жылдын суук мезгили үчүн (октябрдан апрелге чейин) – жумасына 1 жолудан кем эмес.
13. Органикалык калдыктарды сактоо Оператор тарабынан булгоочу заттардын топуракка сиңип кетүүсүн алдын алуучу системалар менен жабдылган, бетондолгон, желдетилген аянтчаларда сакталат.
14. Органикалык калдыктарды сактоо өзүнөн өзү ысып кетүүнүн жана өзүнөн өзү күйүп кетүүнүн алдын алуу үчүн бийиктигин жана аянтын контролдоо менен үймөлөрдө же тизмектерде жүргүзүлөт.
15. Органикалык калдыктарды сактоо үчүн аянтчалар ичүүчү суу менен жабдуу булактарына, суу объекттерине жана турак жай аймактарына терс таасирин жокко чыгаруучу аралыкта жайгаштырылууга тийиш. Жыттардын, чаңдын жайылышын контролдоо жана алдын алуу боюнча, ошондой эле курт-кумурскалар жана кемирүүчүлөр менен күрөшүү боюнча чаралар каралышы керек.
16. Органикалык калдыктарды сактоо үчүн аянтчаны катуу тиричилик калдыктарынын полигонунун атайын бөлүнгөн жайларына ушул Тартиптин талаптарын сактоо менен жайгаштырууга уруксат берилет.
4-глава. Органикалык калдыктарды кайра иштетүүгө жалпы талаптар
17. Органикалык калдыктар компосттоо, анаэробдук ачытуу, вермикультура методдору жана башка экинчи продукцияны (компост, биогаз, биогумус, жер семирткичтер жана продукциялардын башка түрлөрү) алууну камсыз кылуучу биологиялык кайра иштетүү ыкмалары менен кайра иштетилүүгө тийиш.
18. Органикалык калдыктарды компосттоо боюнча объекттер төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) катуу, суу өткөрбөгөн төшөлгөн аянтчанын болушу;
2) тосмо, дарбаза же шлагбаумдун болушу;
3) фильтратты чогултуу жана чыгаруу системасынын же жаан-чачындын киришин алдын алуучу чатырлардын же башка жабуулардын болушу;
4) санитардык ченемдерге ылайык санитардык-коргоо зонасынын сакталышы.
19. Органикалык калдыктарды кайра иштетүү боюнча объекттерди жайгаштыруу, долбоорлоо, куруу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук, ошондой эле шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык жергиликтүү бюджеттин жана Оператордун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
20. Оператор иштин түрүнө жараша «Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» жана «Экологиялык экспертиза жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте долбоордук-уруксат берүүчү жана ченемдик-техникалык документтерге ээ болууга тийиш.
21. Органикалык калдыктарды ташуу жана кайра иштетүү (анын ичинде трансчек аралык ташуу) боюнча иштерин лицензиялоо «Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
22. Оператор органикалык калдыктардын келип түшүүсүнө өндүрүштүк көзөмөл жүргүзөт, эсепке алат жана алар менен иштөө боюнча отчетту айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга берет.
23. Органикалык калдыктардын кооптуулугунун класстары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 «Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген калдыктардын классификатору менен белгиленген.
5-глава. Органикалык калдыктар менен иштөө тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
24. Ушул Тартиптин ченемдери жана талаптары бузулган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчилик чаралары колдонулат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы №9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2010 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 428 "Кыргыз Республикасында органикалык калдыктар менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.06.2026 · № 428 · Күчүнө кире элек