# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 428 "Кыргыз Республикасында органикалык калдыктар менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 428 "Кыргыз Республикасында органикалык калдыктар менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 428
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2026
- Редакциянын күнү: 18.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047613>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56017/edition/54763/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047613.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 428 "Кыргыз Республикасында органикалык калдыктар менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (18.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047613

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 18-июну № 428

Кыргыз Республикасында органикалык калдыктар менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын аймагында органикалык калдыктар менен иштөөнү тартипке келтирүү, коопсуз чогултууну, сактоону, эсепке алууну жана кайра иштетүүнү камсыз кылуу, калктын саламаттыгына жана айлана-чөйрөгө терс таасирин алдын алуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгынын 2-пунктун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында органикалык калдыктар менен иштөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-июнундагы № 45 (3805) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
