# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июнундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июнундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 424
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047574>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55989/edition/54724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047574.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июнундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (17.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047574

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 17-июну № 424 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 65 «2017-2020-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 238 «2021-2023-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларынын жана мөмө-жемиш питомниктеринин, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-июнундагы № 45 (3805) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
