# Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-августундагы № 8/8 "Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуунун тарифин бекитүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-августундагы № 8/8 "Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуунун тарифин бекитүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8/8
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047541>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55976/edition/54695/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-августундагы № 8/8 "Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуунун тарифин бекитүү жөнүндө" Токтому (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047541

---

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ VIII СЕССИЯСЫ

2025-жылдын 12-августу № 8/8

Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуунун тарифин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-июнундагы №320 токтому менен бекитилген жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмү тарабынан 2025-жылдын 19-майындагы макулдашылган Чет-Нура айыл аймагынын калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуунун тарифин бекитүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын директору К.Молдогазиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №320 токтому менен бекитилген жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмү тарабынан 2025-жылдын 19-майындагы макулдашылган Чет-Нура айыл аймагынын калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуунун тарифи 1 М 3 ичүүчү таза суу үчүн төлөм 21 сом 95 тыйын болуп бекитилсин.

2.Бекитилген токтом менен иш алып баруу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын директору К.Молдогазиевге тапшырылсын.

3. Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго милдеттендирилсин.

Төрага

С. Бектемир уулу
