# Кайыңды шаардык кеңешинин 2026-жылдын 4-июнундагы № 56/XVII-1 "Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кайыңды шаардык кеңешинин 2026-жылдын 4-июнундагы № 56/XVII-1 "Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 56/XVII-1
- Кабыл алынган күнү: 04.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047487>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55947/edition/54649/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047487.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайыңды шаардык кеңешинин 2026-жылдын 4-июнундагы № 56/XVII-1 "Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө" токтому (04.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047487

---

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын «04» июну № 56/XVII-1

Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 41-беренесине ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары У.М. Абдрахмановдун өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшыргандыгына байланыштуу, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:

1. Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Шериппаев Улан Култашырович шайлансын.

2. Ушул токтом каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарына жүктөлсүн.

Төрага

Ж.Н. Капалов
