# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 966-т (Медициналык жабдуунун комплектин мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 966-т (Медициналык жабдуунун комплектин мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 966-т
- Кабыл алынган күнү: 10.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047193>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19894/edition/54328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047193.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 966-т (Медициналык жабдуунун комплектин мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047193

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 10-ноябры № 966-т

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-майындагы № 365-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222, 251, 336-статьяларына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 "Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун 113, 129 пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөˮ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Совместное Кыргызско-Индийское Предприятие "Кыргыз Аджанта Фарма Лимитед" жоопкерчилиги чектелген коомунун кредитордук карызын төлөөнүн эсебине кабыл алынган Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Э.Матыев көчөсү, 89 дарегинде турган ампулаларды чыгаруу үчүн медициналык жабдуунун комплектин белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн медициналык жабдуунун комплектин белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-майындагы № 365-т тескемесинин редакциясына ылайык)

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
