Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Медициналык жабдуунун комплектин мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 10-ноябры № 966-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-майындагы № 365-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222, 251, 336-статьяларына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 "Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун 113, 129 пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөˮ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Совместное Кыргызско-Индийское Предприятие "Кыргыз Аджанта Фарма Лимитед" жоопкерчилиги чектелген коомунун кредитордук карызын төлөөнүн эсебине кабыл алынган Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Э.Матыев көчөсү, 89 дарегинде турган ампулаларды чыгаруу үчүн медициналык жабдуунун комплектин белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн медициналык жабдуунун комплектин белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-майындагы № 365-т тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 "Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 29.07.2022 · № 406 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.