# "Кыргыз Республикасынын региондорун экономикалык өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 10-июнундагы№ 408 токтомуна)

- Толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын региондорун экономикалык өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 10-июнундагы№ 408 токтомуна)
- Актынын түрү: Порядок
- Номери: 408
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047176>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230047176/edition/54311/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047176.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын региондорун экономикалык өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 10-июнундагы№ 408 токтомуна) (10.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047176

---

Тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июнундагы № 408 токтомуна)

«Кыргыз Республикасынын региондорун экономикалык өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу тартиби

## 1-глава. Тартиптин баяндалышы

1. «Кыргыз Республикасынын региондорун экономикалык өнүктүрүү» долбоорун (мындан ары – Долбоор) ишке ашыруунун ушул тартиби региондорду туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, инвестициялык активдүүлүктү жана калкты иш менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жеңилдетилген кредит берүүгө жетүүнү кеңейтүүгө багытталган ишкердик субъекттерин мамлекеттик колдоонун экономикалык жана уюштуруу негиздерин жөнгө салат.

2. Ушул Тартипте колдонулган түшүнүктөр жана терминдер бюджеттик кредит берүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген чечмелөөгө ылайык колдонулууга тийиш.

3. Долбоорду каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын

9-июнундагы № 315 «Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген «Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасын ишке ашыруунун алкагында топтолгон каражаттардын эсебинен түзүлгөн республикалык бюджеттин каражаттары;

2) ушул Тартиптин алкагында мурда берилген бюджеттик кредиттер боюнча кайтарылуучу каражаттар.

4. Долбоордун жооптуу аткаруучулары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган);

2) бюджеттик кредит берүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу агент (мындан ары – ыйгарым укуктуу агент).

## 2-глава. Бюджеттик кредит берүүнүн максаты,

милдеттери жана артыкчылыктуу секторлору

5. Долбоордун максаты региондорду туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, инвестициялык активдүүлүктү жана калкты иш менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана ушул Тартиптин

7-пунктун эске алуу менен төмөнкү секторлор боюнча жеңилдетилген кредит берүүгө жетүүнү кеңейтүү үчүн ишкердик субъекттерине мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү болуп саналат:

1) туризм;

2) жеңил өнөр жай;

3) өндүрүш;

4) саламаттык сактоо, анын ичинде медициналык жабдууларды өндүрүү жана инновациялык жабдууларды сатып алуу;

5) билим берүү;

6) айыл чарбасы (айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, иштетүү жана сактоо, органикалык өндүрүш).

6. Долбоордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) иштеп жаткан өндүрүштөрдү модернизациялоо, кеңейтүү жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ишкердик субъекттерин жеткиликтүү жеңилдетилген кредиттик (финансылык) ресурстар менен камсыз кылуу;

2) региондордун экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө дем берүү (туризм, экотуризм жана этнотуризм, айыл чарба, өнөр жай, кызмат көрсөтүү чөйрөсү, билим берүү, санариптик, энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү, саламаттык сактоо);

3) жаңы жумуш орундарын түзүүгө, калкты иш менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатууга жана региондордогу жумушсуздукту азайтууга көмөктөшүү;

4) региондордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана жеке инвестициялардын агымына дем берүү;

5) өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүнү, чыгарылуучу продукциянын ассортиментин кеңейтүүнү жана экспортко багытталган өндүрүштөрдү өнүктүрүүнү колдоо;

6) чакан жана орто ишкердик субъекттеринин финансылык ресурстарга жетүү мүмкүндүгүн кеңейтүү;

7) ишкердик жана инвестициялык ишти өнүктүрүүнүн эсебинен Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктык түшүүлөрдүн өсүшүнө көмөктөшүү;

8) өндүрүлүүчү товарлардын, аткарылуучу иштердин жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу;

9) Кыргыз Республикасынын региондорун туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.

7. Долбоордун алкагында төмөнкү бизнес-долбоорлорго бюджеттик кредит берүүгө болбойт:

1) Бишкек жана Ош шаарларында ишке ашырыла турган бизнес-долбоорлор;

2) имараттарды жана жер тилкелерин убактылуу же биротоло сатып алуу, ижарага кеткен чыгымдар;

3) изилдөө иши;

4) транспорттук чыгымдарды жана эмгек акыны субсидиялоо;

5) тамеки жана тамеки продукциясын, алкоголдук продукцияны, курал-жаракты, ок-дарыларды, баңгизат жана психотроптук заттарды (медициналык багыттагы препараттарды кошпогондо) жана жарандык жүгүртүүдөн алып салынган же жарандык жүгүртүүсү чектелген башка товарларды өндүрүү, ошондой эле мажбурлоо жана балдар эмгегин пайдаланган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынган иштин башка түрлөрү;

6) мал чарбасы (айыл чарба малын көбөйтүү) жана өсүмдүк өстүрүү;

7) финансы-кредиттик уюмдардан мурда алынган кредиттик каражаттарды кайра каржылоо, ошондой эле бюджеттин алдындагы мурда пайда болгон карызды (салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча) жабуу.

## 3-глава. Долбоорду ишке ашыруу

8. Долбоорго катышуу үчүн ишкердик субъекттери ыйгарым укуктуу агентке төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:

1) кредит берүүнүн (каржылоонун) көлөмү көрсөтүлгөн өтүнмөнү;

2) төмөнкү маалыматтарды камтыган бизнес-планды:

- долбоордун толук баяндалышы;

- экономикалык максатка ылайыктыгынын негиздемеси;

- тике инвестициялардын көлөмү жана жүзөгө ашыруунун мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтар;

- түзүлүүчү жумуш орундары жөнүндө маалымат;

- милдеттенмелерди камсыз кылуу боюнча сунуштар (күрөө, кепилдик);

- бизнес-долбоорду ишке ашырууга кеткен чыгымдардын түзүмү;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын 19-январындагы № 14 «Бюджеттик кредиттөө чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө» токтому менен бекитилген Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун (мындан ары – Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобо) талаптарына ылайык бюджеттик кредитти тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги.

9. Долбоорго катышууга талапкер болгон ишкердик субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана тиешелүү иштин түрүн жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон күбөлүктөргө, сертификаттарга жана башка документтерге, анын ичинде лицензиялык жана уруксат берүүчү документтерге ээ болууга тийиш.

10. Ыйгарым укуктуу агент келип түшкөн өтүнмөлөрдү өтүнмө ээлеринен документтердин толук топтомун алган учурдан тартып

14 (он төрт) жумуш күндүн ичинде карайт. Берилген өтүнмөлөр ушул Тартиптин жана Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун белгиленген талаптарына ылайык келген учурда, ошондой эле бардык зарыл документтер болгон учурда ыйгарым укуктуу агент өтүнмө ээлери менен тиешелүү кредиттик келишимдерди түзөт.

11. Ушул Тартиптин жана Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун талаптарына ылайык келбеген долбоорлор ыйгарым укуктуу агент тарабынан кемчиликтерди жоюу үчүн кайтарылышы мүмкүн.

Эгерде табылган кемчиликтер өтүнмө ээси тарабынан бир календардык айдын ичинде жоюлбаса, долбоор четке кагылууга тийиш.

12. Долбоордун алкагында бюджеттик кредит берүү ушул Тартипте жана Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жободо аныкталган шарттарда, ушул Тартип менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө ыйгарым укуктуу агент тарабынан жүзөгө ашырылат.

13. Бюджеттик кредиттин суммасы ишкердик субъекттин (зайымчынын) бюджеттик кредиттин каражаттарын анын максаттуу багытына так ылайык жана түзүлгөн кредиттик келишимдердин шарттарында эсепке киргизүү, эсепке алуу жана пайдалануу үчүн гана арналган өзүнчө эсептешүү эсебине которулат.

14. Кайтарылуучу каражаттар (негизги сумма, бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздар, финансылык санкциялар (айып төлөм) ушул Тартипке жана Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого ылайык револьвердик тартипте (кайтарылуучу каражаттарды жаңы бюджеттик кредиттерди берүүгө кайрадан багыттоо менен) бюджеттик кредит берүүнүн максаттары үчүн андан ары пайдаланылууга тийиш.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тиешелүү чечим кабыл алганга чейин чектөөсүз. Кайтарылуучу каражаттарды бөлүштүрүүнү контролдоону ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ыйгарым укуктуу агент жүзөгө ашырат.

## 4-глава. Бюджеттик кредитти берүүнүн шарттары

15. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында ишкердик субъекттерине бюджеттик кредит берүү төмөнкү шарттарда жүзөгө ашырылат:

1) бюджеттик кредит берүүнүн суммасы – 20 000 000,0 (жыйырма миллион) сомго чейин;

2) кредит берүү мөөнөтү – 10 жылга чейин, анын ичинде негизги сумманы жабуу боюнча жеңилдетилген мезгил 12 айга чейин;

3) бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык

ставка – жылдык 2 пайыз, дифференцияланган метод менен кошуп эсептелет;

4) финансылык санкциялар (айып төлөмдөр) – жылдык 6 пайыз, мөөнөтү өткөн карыздын суммасына кошуп эсептелет;

5) бюджеттик кредиттер боюнча негизги сумманы жана пайыздарды жабуу графиги өзгөчөлүгүнө, ишке ашыруу мөөнөтүнө, өзүн-өзү актоосуна жана зайымчынын ар айлык акча агымдарын эске алуу менен болжолдонгон кирешелерине жараша ар бир бизнес-долбоор үчүн жекече түзүлөт;

6) милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо – ликвиддүү күрөөлүк камсыздоо түрүндө, ошондой эле милдеттенмелерди толук жабуу үчүн күрөө жетишсиз болгон учурда кепилчилик;

7) стартап-долбоорлор үчүн милдеттүү шарт болуп өтүнмө ээсинин банктык эсептеринде бюджеттик кредиттин жалпы суммасынын 30 пайызынан кем эмес өлчөмдө акча каражаттары түрүндөгү өздүк салымынын болушу саналат;

8) иштеп жаткан бизнес-долбоорду кеңейтүү же модернизациялоо үчүн өтүнмө ээсинин банктык эсептеринде бюджеттик кредиттин жалпы суммасынын 10 пайызынан кем эмес өлчөмдө акча каражаттары түрүндөгү өздүк салымынын болушу.

16. Долбоордун каражаттарынын эсебинен бюджеттик кредит берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими талап кылынбайт.

## 5-глава. Бюджеттик кредиттин максаттуу

пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү

17. Зайымчылардын бюджеттик кредитти пайдалануу шарттарын сактоосун камсыз кылуу максатында ыйгарым укуктуу агент бюджеттик кредиттин каражаттарынын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзөт.

18. Долбоордун катышуучулары бизнес-долбоор аяктаганга чейин тиешелүү документтерди (келишимдер/контракттар, эсеп-фактуралар жана/же төлөө тууралуу төлөм документтери) тиркөө менен бюджеттик кредиттин максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчетторду бериши керек.

19. Ыйгарым укуктуу агент зайымчыдан бюджеттик кредиттин максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчет алгандан кийин бир айдын ичинде текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө отчетту тариздөө менен бюджеттик кредиттин максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзөт.

20. Бюджеттик кредиттин максаттуу пайдаланылышына мониторинг ыйгарым укуктуу агенттин ички саясатына ылайык жүргүзүлөт.

21. Бюджеттик кредиттин каражаттарын максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда ыйгарым укуктуу агент төмөнкүлөргө укуктуу:

1) бюджеттик кредиттин каражаттары бизнес-долбоордун чыгымдарынын бекитилген түзүмүн бузуу менен толук чыгымдалган учурда кредит боюнча калган карызды мөөнөтүнөн мурда өндүрүп алуу боюнча чараларды көрүүгө;

2) бюджеттик кредиттин каражаттары бизнес-долбоордун чыгымдарынын бекитилген түзүмүн бузуу менен жарым-жартылай чыгымдалганда же толук эмес пайдаланылган (үнөмдөө) учурда, бул сумманы мөөнөтүнөн мурда өндүрүп алуу боюнча чараларды көрүү же болбосо бюджеттик кредит боюнча карызды кайра эсептөө менен, ушул Тартипте каралган жеңилдетилген пайыздык ставканын ордуна жылдык 18 (он сегиз) пайыз өлчөмүндөгү пайыздык ставканы колдонуу менен кредит берүүнүн шарттарын кайра карап чыгууга.

## 6-глава. Ыйгарым укуктуу агенттин

функциялары жана ыйгарым укуктары

22. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында ыйгарым укуктуу агент төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:

1) берилген бюджеттик кредиттерди башкарууну жүзөгө ашырат;

2) Долбоордун каражаттарын пайдалануунун негизги багыттарын жана артыкчылыктарын карайт;

3) өтүнмө ээлери тарабынан берилген бизнес-долбоорлорду Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун талаптарына, ыйгарым укуктуу агенттин ички ченемдик документтерине ылайык келүүсү жана толуктугу боюнча тандоону жана бекитүүнү жүзөгө ашырат;

4) белгиленген тартипте ишкердик субъекттери менен кредиттик-күрөөлүк келишимдерди жана башка тиешелүү келишимдерди түзөт;

5) өтүнмө ээси тарабынан кредиттик-күрөөлүк келишимдердин шарттары же бизнес-долбоорду ишке ашыруу жол-жоболору бузулган учурларда каржылоону токтотуп турат;

6) бизнес-долбоорду ишке ашырууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контроль жүргүзөт;

7) Долбоорду ишке ашыруунун алкагында финансылык операцияларды жүзөгө ашырат;

8) тандап алынган жана каржыланган бизнес-долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү үчүн консультанттарды тартууга укуктуу;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген Долбоорду ишке ашырууга багытталган башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

## 7-глава. Долбоордун натыйжалуулугун баалоо

23. Бюджеттик кредиттердин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо максатында ыйгарым укуктуу агент Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга зайымчылар тарабынан бюджеттик кредиттердин максаттуу пайдаланылышы жөнүндө төмөнкү негизги көрсөткүчтөр боюнча (кредит берилгенге чейин жана кийин) маалымат берет:

1) ички жана тышкы рыноктордо продукцияны сатуу көлөмү накталай жана нарктык көрсөткүчтөрдө;

2) максаттуу багыттардын катышуучуларынын кирешелеринин көлөмү;

3) түзүлгөн жумуш орундарынын саны;

4) Долбоордун региондордун экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасири.
