# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 318-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Акимбаева Гульнара Орозбековнаны Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 318-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Акимбаева Гульнара Орозбековнаны Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 318-VIII
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047144>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16961/edition/54277/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047144.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 318-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Акимбаева Гульнара Орозбековнаны Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому (18.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047144

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 18-марты № 318-VIII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Акимбаева Гульнара Орозбековнаны Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Акимбаева Гульнара Орозбековна Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна шайлансын.

2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 9-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Акимбаева Гульнара Орозбековна – “Ынтымак - Мекенчил” депутаттык тобунан, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагалыгына;”.

3. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун 1-пунктчасынын бешинчи абзацында “Адилет Кыргызстан” депутаттык тобунан” деген сөздөр “Ынтымак - Мекенчил” депутаттык тобунан” деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 16-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун 1-пунктчасынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

2026-жылдын 31-мартында https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/7492 расмий сайтында жарыялынды

Төрага

М.А. Маматалиев
