# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047136/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5771/edition/54259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047136/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047136/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 17-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 73-берененин 6 жана 7-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«6. Катуу режимдеги түзөтүү абактарында мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөгөн жана белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга кайрадан соттолгондор, рецидивде жана коркунучтуу рецидивде кылмыш жасаган адамдар, ошондой эле ушул Кодекстин 80-беренесинде каралган тартипте түрмөлөрдөн которулган соттолгондор жазасын өтөйт.

7. Өзгөчө режимдеги түзөтүү абактарында өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор, өзгөчө коркунучтуу рецидивде кылмыш жасагандар, ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен жыйырма жылдык мөөнөткө ажыратуу менен алмаштырылган адамдар жазасын өтөйт.»;

2) 76-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

«21) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде кылмыш жасагандыгы үчүн;»;

3) 79-берененин 3-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«5) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгондор, ошондой эле кылмыштардын өзгөчө коркунучтуу рецидивинде соттолгондор.»;

4) 96-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында кылмыштарды жасагандыгы, ошондой эле коркунучтуу жана өзгөчө коркунучтуу рецидивде кылмыштарды жасагандыгы үчүн;».

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136/st-2)
