# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 389 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 389 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 389
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55712/edition/54256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 389 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047134

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 3-июну № 389

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Архитектура жана курулуш иши чөйрөсүндө лицензияларды берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:

– 219-пункттун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«– мамлекеттик квалификациялык сертификаты бар адистердин лицензия алган жана архитектура жана курулуш ишин жүзөгө ашырган мезгилде үчтөн ашпаган уюмда эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруусу;»;

– 2202-пункта:

3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «3) жарактуу мамлекеттик квалификациялык сертификаттары бар кызматкерлер үчүн салыктык милдеттенмелердин жана социалдык чегерүүлөрдүн төлөнгөндүгүн ырастоочу, мамлекеттик маалымат системасы аркылуу автоматтык түрдө алынуучу маалыматтар.»; 4, 5-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 41 (3801) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
