# Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-июнундагы №82 " Миң-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-июнундагы №82 " Миң-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55700/edition/54237/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047117.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-июнундагы №82 " Миң-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047117

---

Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ

Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы

2025-жылдын 26-июну №82

Миң-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин этика, регламент жана мандат маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.К. Саркулов тарабынан берилген «Миң-Булак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» маалыматын угуп, талкуулап чыгып, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин 2024-жылдын 2-сентябрындагы №79 токтому менен бекитилген “Миң-Булак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) 5-бөлүм төмөнкүдөй 6-пункт менен толукталсын:

-6-пункт: «Миң-Булак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” ардактуу наамы расмий түрдө жыл сайын Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүндө – 31-августта, Миң-Булак айыл аймагынын салтанаттуу майрамдык иш-чарасында тапшырылат»

2) 2-бөлүмдүн 9-пунктундагы «жылына үчтөн көп эмес талапкерге берилет» деген сөздөр төмөнкүдөй алмаштырылсын:

«Айыл аймактагы ар бир айылдан жылына 1 талапкерден көп эмес, Александровка жана Садовое айылдарынан – 2 талапкерден көп эмес».

3) 4-бөлүм төмөнкүдөй 11-пункт менен толукталсын:

«Медаль, лента жана күбөлүк жасоо менен байланышкан чыгымдар Миң-Булак айыл өкмөтү тарабынан каржыланат»

2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык Кеңештин этика, регламент жана мандат маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрайым

Булазова Г.Т.
