Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин « Миң-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 26-июну №82
Миң-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин этика, регламент жана мандат маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.К. Саркулов тарабынан берилген «Миң-Булак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» маалыматын угуп, талкуулап чыгып, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин 2024-жылдын 2-сентябрындагы №79 токтому менен бекитилген “Миң-Булак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) 5-бөлүм төмөнкүдөй 6-пункт менен толукталсын:
-6-пункт: «Миң-Булак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” ардактуу наамы расмий түрдө жыл сайын Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүндө – 31-августта, Миң-Булак айыл аймагынын салтанаттуу майрамдык иш-чарасында тапшырылат»
2) 2-бөлүмдүн 9-пунктундагы «жылына үчтөн көп эмес талапкерге берилет» деген сөздөр төмөнкүдөй алмаштырылсын:
«Айыл аймактагы ар бир айылдан жылына 1 талапкерден көп эмес, Александровка жана Садовое айылдарынан – 2 талапкерден көп эмес».
3) 4-бөлүм төмөнкүдөй 11-пункт менен толукталсын:
«Медаль, лента жана күбөлүк жасоо менен байланышкан чыгымдар Миң-Булак айыл өкмөтү тарабынан каржыланат»
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык Кеңештин этика, регламент жана мандат маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым
Булазова Г.Т.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодексиКодекс · 07.08.2006 · № 151 · Күчүн жоготкон