# Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-майындагы №63 " Миң-Булак айыл өкмөтүнө зарылчылыкка жараша кызматкерлерди эмгек келишими менен кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-майындагы №63 " Миң-Булак айыл өкмөтүнө зарылчылыкка жараша кызматкерлерди эмгек келишими менен кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55698/edition/54236/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047116.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-майындагы №63 " Миң-Булак айыл өкмөтүнө зарылчылыкка жараша кызматкерлерди эмгек келишими менен кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (20.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047116

---

МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы

2025-жылдын 20-майы №63 Миң-Булак айыл өкмөтүнө зарылчылыкка жараша кызматкерлерди эмгек келишими менен кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомунун негизинде, ошондой эле 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Акназаров Д.М. тарабынан кызматкерлерди келишимдик негизде кабыл алуу зарылчылыгы боюнча берилген маалымат угулуп, талкууланып, Кенештин бюджет, финансы, инвестиция жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-майындагы корутундусунун негизинде, Миң-Булак айыл аймагынын Кенешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомунун жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, кызматкерлерди келишимдик негизде кабыл алуу боюнча Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.М. Акназаров тарабынан берилген маалымат каралып чыгып, Кенештин туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Миң-Булак айыл өкмөтүнө зарылчылыкка жараша кызматкерлерди эмгек келишими менен кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Миң-Булак айыл өкмөтү кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кенештин бюджет, финансы, инвестиция жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы Д.М.Акназаровко жүктөлсүн.

Төрайым

Асадова А.К.
