Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин « Миң-Булак айыл өкмөтүнө зарылчылыкка жараша кызматкерлерди эмгек келишими менен кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 20-майы №63 Миң-Булак айыл өкмөтүнө зарылчылыкка жараша кызматкерлерди эмгек келишими менен кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомунун негизинде, ошондой эле 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Акназаров Д.М. тарабынан кызматкерлерди келишимдик негизде кабыл алуу зарылчылыгы боюнча берилген маалымат угулуп, талкууланып, Кенештин бюджет, финансы, инвестиция жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-майындагы корутундусунун негизинде, Миң-Булак айыл аймагынын Кенешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомунун жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, кызматкерлерди келишимдик негизде кабыл алуу боюнча Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.М. Акназаров тарабынан берилген маалымат каралып чыгып, Кенештин туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Миң-Булак айыл өкмөтүнө зарылчылыкка жараша кызматкерлерди эмгек келишими менен кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Миң-Булак айыл өкмөтү кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кенештин бюджет, финансы, инвестиция жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы Д.М.Акназаровко жүктөлсүн.
Төрайым
Асадова А.К.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын…Постановление · 07.02.2024 · № 52 · Күчүн жоготкон