# Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-июнундагы №81 "Социалдык жактан аяр катмардагы үй-бүлөлөрдүн ваучер алуучу балдарынын тамак-аш акысына жеңилдик берүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүүчү төлөмдүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-июнундагы №81 "Социалдык жактан аяр катмардагы үй-бүлөлөрдүн ваучер алуучу балдарынын тамак-аш акысына жеңилдик берүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүүчү төлөмдүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55697/edition/54235/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-июнундагы №81 "Социалдык жактан аяр катмардагы үй-бүлөлөрдүн ваучер алуучу балдарынын тамак-аш акысына жеңилдик берүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүүчү төлөмдүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047115

---

Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ

Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы

2025-жылдын 26-июну №81 2025-жылдын биринчи жана экинчи кварталында Миң-Булак айыл аймагында оор турмуштук кырдаалда калган балдар менен жүргүзүлгөн иштер жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” Кодексинин 20-беренесине ылайык, Кеңештин 2025-жылдын 11-январындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык-маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Эликбек кызы Токтобубунун 2025-жылдын биринчи жана экинчи кварталы үчүн оор турмуштук кырдаалда калган балдар менен жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалыматын угуп жана талкуулагандан кийин, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Эликбек кызы Токтобубунун 2025-жылдын биринчи жана экинчи кварталында айылдык аймакта оор турмуштук кырдаалда калган балдар менен жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалыматы эске алынсын.

2. Миң-Булак айыл өкмөтү өзүнүн аймагындагы оор турмуштук кырдаалда калган балдар менен зарыл болгон иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүп турууну камсыздасын.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык-маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрайым

Булазова.Г.Т
