Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Социалдык жактан аяр катмардагы үй-бүлөлөрдүн ваучер алуучу балдарынын тамак-аш акысына жеңилдик берүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүүчү төлөмдүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 26-июну №81 2025-жылдын биринчи жана экинчи кварталында Миң-Булак айыл аймагында оор турмуштук кырдаалда калган балдар менен жүргүзүлгөн иштер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” Кодексинин 20-беренесине ылайык, Кеңештин 2025-жылдын 11-январындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык-маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Эликбек кызы Токтобубунун 2025-жылдын биринчи жана экинчи кварталы үчүн оор турмуштук кырдаалда калган балдар менен жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалыматын угуп жана талкуулагандан кийин, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Эликбек кызы Токтобубунун 2025-жылдын биринчи жана экинчи кварталында айылдык аймакта оор турмуштук кырдаалда калган балдар менен жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалыматы эске алынсын.
2. Миң-Булак айыл өкмөтү өзүнүн аймагындагы оор турмуштук кырдаалда калган балдар менен зарыл болгон иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүп турууну камсыздасын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык-маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым
Булазова.Г.Т
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодексиКодекс · 07.08.2006 · № 151 · Күчүн жоготкон