Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин « Социалдык жактан аяр катмардагы үй-бүлөлөрдүн ваучер алуучу балдарынын тамак-аш акысына жеңилдик берүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүүчү төлөмдүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө» токтому
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы 2025-жылдын 26-июну №80 Социалдык жактан аяр катмардагы үй-бүлөлөрдүн ваучер алуучу балдарынын тамак-аш акысына жеңилдик берүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүүчү төлөмдүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 токтомунун 10-пунктуна «Калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо жөнүндө” ылайык, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, 2025-жылдын 18-июнундагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы, инвестиция жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, социалдык жактан аяр үй-бүлөлөрдү колдоо жана мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктын социалдык аялуу жактан катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөн чыккан ваучер алуучу ар бир бала үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен күнүнө 60 (алтымыш) сом өлчөмүндө төлөм төлөнсүн.
2. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөмдөрдү өз убагында каржылоону камсыз кылуу сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык Кеңештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым
Булазова Г.Т.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 693 "Калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле…Постановление · 18.11.2024 · № 693