# Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 59 "Миң-Булак айыл аймагынын укук бузуулар боюнча иштерди кароо комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 59 "Миң-Булак айыл аймагынын укук бузуулар боюнча иштерди кароо комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 09.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55691/edition/54228/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 59 "Миң-Булак айыл аймагынын укук бузуулар боюнча иштерди кароо комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтому (09.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047109

---

МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырышы

2025-жылдын 9-апрели № 59 Миң-Булак айыл аймагынын укук бузуулар боюнча иштерди кароо комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы №35 токтомунун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы “Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялардын типтүү жобосун бекитүү жөнүндө” №35 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» №62 токтомуна ылайык, ошондой эле 2025-жылдын 8-апрелиндеги өнөр жай, транспорт, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, суу ресурстары жана коомдук тартип (КБК, ККК, ӨКМ) маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Акназаров Д.М. тарабынан берилген маалымат угулуп жана талкууланып, Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Миң-Булак айыл аймагынын укук бузуулар боюнча иштерди кароо комиссиясы жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Мин-Булак айыл аймагынын Кеңешинин 2024-жылдын 17-декабрындагы №15 «Укук бузууларды кароо боюнча комиссия жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр жай, транспорт, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, суу ресурстары жана коомдук тартип (КБК, ККК, ӨКМ) маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.С.Невазага жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрайымынын орун басары

Лугма П.И.
