# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 23-апрели № 439-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 23-апрели № 439-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 439-VIII
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047024>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16960/edition/54119/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230047024.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 23-апрели № 439-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (23.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047024

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 23-апрели № 439-VIII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

«Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, «Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодексинин долбоору тууралуу; «Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын, фракциясынын, комитетинин жана депутаттык тобунун фонддору жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна ɵзгɵртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 3-декабрындагы № 83-VI токтомунун долбоору тууралуу; «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.

Төрага

М.А. Маматалиев
