# 9-берене. Кызматкерлерди жекече коргонуу жана гигиеналык каражаттар менен камсыз кылуу

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 5-июну № 82 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046998/edition/54085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046998/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 9-берене (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-9

---

1. Зыяндуу же кооптуу эмгек шарттарындагы жумуштарда, ошондой эле өзгөчө температуралык шарттарда аткарылуучу же булгануу менен байланышкан жумуштарда кызматкерлерге Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте бекитилген ченемдерге жана эрежелерге ылайык атайын кийим, атайын бут кийим жана жекече коргонуунун башка каражаттары, самын, жууп кетирүүчү жана зыянсыздандыруучу каражаттар берилет.

2. Кызматкерлердин жекече коргонуу жана гигиеналык каражаттарын сатып алуу, сактоо, жуу, тазалоо, оңдоо, жугушсуздандыруу жана зыянсыздандыруу иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-10)
