# 8-берене. Өндүрүштүк объектилердин жана продукциялардын эмгекти коргоонун талаптарына ылайык келүүсү

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 5-июну № 82 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046998/edition/54085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046998/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 8-берене (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-8

---

1. Өндүрүштүк объектилерди куруунун жана реконструкциялоонун, ошондой эле машиналардын, механизмдердин жана башка өндүрүштүк жабдуулардын, технологиялык процесстердин долбоорлору, эмгекти коргоонун талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

2. Эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча тиешелүү органдын долбоордук документтеринин эмгекти коргоонун талаптарына ылайык келиши жөнүндө корутундусу болмоюнча өндүрүштүк объектилерди курууга, реконструкциялоого, техникалык жактан кайра жабдууга, жаңы техниканы өндүрүүгө жана киргизүүгө, жаңы технологияларды колдонууга киргизүүгө тыюу салынат.

3. Эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча тиешелүү органдын корутундусу болмоюнча жаңы же реконструкциялануучу өндүрүштүк объектилер пайдаланууга кабыл алынышы мүмкүн эмес.

4. Эгерде метрологиялык контролдоо методикасы жана каражаттары иштелип чыкпаса жана Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипке ылайык токсикологиялык (санитардык-гигиеналык, медициналык-биологиялык) баалоо жүргүзүлбөсө, зыяндуу же кооптуу заттарды, материалдарды, продукцияны, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүштө колдонууга тыюу салынат.

5. Уюмда мурда пайдаланылбаган жаңы, зыяндуу же кооптуу заттар колдонулган учурда иш берүүчү көрсөтүлгөн заттар пайдаланылганга чейин эмгекти коргоонун талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча тиешелүү орган менен кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо боюнча чараларды иштеп чыгууга жана макулдашууга милдеттүү.

6. Машиналар, механизмдер жана башка өндүрүштүк жабдуулар, транспорт каражаттары, технологиялык процесстер, материалдар, химиялык заттар, кызматкерлердин жекече жана жамааттык, анын ичинде чет өлкөдө өндүрүлгөн коргонуу каражаттары эмгекти коргоонун Кыргыз Республикасында белгиленген талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-9)
