# 51-берене. Эмгекти коргоо талаптарын бузуунун натыйжасында уюмдардын же алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин токтотуп туруу

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 5-июну № 82 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046998/edition/54085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046998/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 51-берене (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-51

---

1. Эгерде уюмдардын же алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иши, жабдууларды эксплуатациялоо кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген эмгекти коргоо талаптарын бузуу менен жүргүзүлсө, аталган иш жана эксплуатациялоо эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазма буйруктарына ылайык, анын ичинде кесиптик бирликтердин органдарынын сунушу боюнча аталган бузуулар четтетилгенге чейин токтотула турат.

2. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынган чечимдер сот тартибинде даттанылат.

3. Даттануу сот тартибинде чечим кабыл алынганга чейин жазма буйруктардын аткарылышын токтотуп турбайт.

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-52)
