# 48-берене. Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө иштерди сактоо

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 5-июну № 82 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046998/edition/54085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046998/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 48-берене (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-48

---

1. Зыяндын ордун толтурууну дайындоо жөнүндө иш берүүчүнүн буйругу (тескемеси, токтому), соттун чечими, зыяндын ордун толтурууну дайындоо жөнүндө жабырлануучунун жана башка кызыкдар жактардын арызы бардык зарыл болгон документтер менен бирге иш берүүчү тарабынан ар бир алуучуга өзүнчө иште сакталат.

2. Зыяндын ордун толтурууга суммаларды төлөө мезгилинде жабырлануучулардын аларга зыяндын ордун толтурууну дайындоо жөнүндө иштери иш берүүчүнүн бухгалтериясында сакталат.

3. Зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөө токтотулгандан 2 жыл өткөндөн кийин аталган иштер иш берүүчү тарабынан мамлекеттик архив органдарына туруктуу сактоого берилет.

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-49)
